• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-октябрында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аныкталган жерде “Макаров” тапанчасы жана номерлери өчүрүлгөн “Иж” травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор табылды.

КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу болуп чыкты.

Учурда чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий