• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Курал-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК жана «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте, 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.

Бекитилген жерден, АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету табылып алынды, булар мурда Кыргыз Республикасынын күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал.

Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий