• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Кылычбек Султан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүп жатат

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султан буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

«Азыркы учурда Кылычбек Султандын Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, 2020-жылдын 27-июлунда Кылычбек Султан жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын тергөө органдарына күбө катары чакырылган.

«Бирок Кылычбек Султан көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан тергөө амалдары жылдырылды», - деп билдиришти УКМКдан.

Пикир

Оставить комментарий