• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 3-июну, саат 14:15ке карата Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтоду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

"Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты. Ок атышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.

“Тажик тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тартууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий