• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: “Кыргыз темир жолу” ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан тендердик мыйзамды бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулган фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Ачык аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Анда КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 млн. сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган.

"Такталгандай, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан мамлекеттик сатып алуу процедуралары КР мыйзамын бузуу менен өтүп, бюджеттик каражаттар үнөмсүз колдонулган ", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, башка катышуучулардын сунуштары жана жарым-вагондорду 35 миң АКШ доллар баасында жеткирүүнү сунуштаган, рынокто темир-жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводордун сунуштары тендердик комиссия тарабынан четке кагылып, тендердин жеңүүчүсү болуп жарым-вагондорду 41 миң АКШ доллар баасында сунуштаган, чыгашалуу ортомчу компания табылган.

Муну менен бирге, тендердик комиссия тарабынан техникалык өзгөчөлүктөр талабы да каралган эмес: мисалы “12-132” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88м3 болгон жарым-вагондун ордун, “12-9796” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 78м3 болгон жарым-вагон сатылып алынган.

Натыйжада “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери аталган келишимди түзүү менен мамлекеттик бюджетке 69 млн сомдон ашык зыян келтиришкен.

"Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин тарабынан аталган темир жол жарым-вагондорун сатып алууда Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунан кредиттик эсепке түшкөн акча каражаттары колдонулган", - деп билдирет УКМК.

Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий