• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: «Кыргыз темир жолу» МИ кезектеги коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу «Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасында мамлекеттик сатып алууда жана уюштуруу учурундагы кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыкта чарбалык субъект эң чоң материалдык пайда алуу максатында Мамлекеттик ишкананын жооптуу кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, 1-типтеги (жогорку сапаттагы) жыгач шпалдардын ордуна, иш жүзүндө стандарттарга жооп бербеген сапаты төмөн шпалдарды жеткирип орноткондугу сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталды.

Мындай иш-аракеттер адамдардын өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгы түрүндөгү терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук экспертиза кызматы тарабынан жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча бул коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды.

2020-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен чарбалык субъектинин өкүлү «И.Г.А.» камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Пикир

Оставить комментарий