• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: «Кыргыз темир жолундагы» кезектеги коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы кызматы тарабынан (УКМК ККК) «Кыргыз темир жолу «улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты.

2020-жылдын 14-декабрында көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий