• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деп жалган маалымат жазган сайт аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деп жалган маалымат жазган сайт аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлайт.

Такталган маалымат боюнча аталган сайт, «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталыштагы жалган маалыматты таркатып, калкты дүрбөлөңгө салган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий