• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кыргызстанда теракт уюштурууну көздөгөн эл аралык террорчу кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда теракт уюштурууну көздөгөн эл аралык террорчу уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы Х.М. террордук жана башка жардыруу акцияларын уюштуруш, аны ишке ашыруу максатында Сириядан Кыргызстанга келген.

Кармалган жаран 2014-жылы жасалма кыргыз паспорту менен Түркияга, андан ары Сирияга кеткен. Ал жакта эл аралык террордук уюмдун катарына кошулган.

Кыска убакыттын ичинде эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөлөрдүн бирине айланып, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Кийин ал Түркияга барып, ар кыл өлкөлөрдөн келген адамдарды Сирияга жиберүү боюнча ири каналга жооптуу болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий