• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Кыргызстандагы улуттар аралык кастыкты козуткан жаран Россиянын аймагында

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Кыргызстандагы улуттар аралык кастыкты козуткан жаран Россиянын аймагында. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Өзбекстандын аймагында болгон мушташ тууралуу видеону тараткан жаран ким экени аныкталды.

"Бул видеоролик улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн таратылган. Анын өздүгү такталып, ал 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун О.Э. аттуу тургуну болгон. Ал учурда Россиянын аймагында", - деп кабарлады УКМК басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, О.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык жооп берет.

Азыр О.Э. так жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бүгүн ИИМ WhatsApp аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан жаранды кармалды, деп кабарлаган. Милициянын маалыматы боюнча, социалдык тармактарда массалык мушташтын видеосу тарап, кээ бирөөлөр бул окуя Ош облусунда тартылган деп билдире башташкан. Видеодо өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган.

Милициянын жаш адамдардын ортосундагы мушташ Өзбекстан Наманган облусунун аймагында болгонун кабарлады.

Фото: УКМК басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий