• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

УКМК: Кыргызстандан 8 тоннадай күйүүчү майды мыйзамсыз алып чыгууга аракет көрүлгөн

Укук тартиби 0


Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстандан 8 тоннадай күйүүчү майды аткезчилик жолу менен алып чыгууга аракет көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Лейлек районунун "Коргончо" чек ара бөлүгүндө аткезчилик жүк аныкталган. Күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда жасалма мамлекеттик номур менен коңшу өлкөнүн биринде катталган эки "Хюндай-Старекс" автоунаасы кармалды.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн автоунаалардын кузовдорун атайын жасалгалагандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн.

Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий