• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кыргызстандыктар тажик балдарына "кол салууда" деген маалымат – жалган

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Айрым ММКларды чыгып жаткан "Кыргыздар КР УКМКсынын жана ИИМдин буйругу менен Тажикстандын айылдарындагы балдарга кол салууда" деген маалымат – жалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Мындан улам УКМК менен ИИМ андай билдирүүлөрдү чагымчыл деп эсептейт", - деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, айрым чагымчыл күчтөр Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды курчутуу үчүн жалган маалыматтарды таратып, КР укук коргоо органдарын мыйзамсыз аракеттерге негизсиз күнөөлөөдө.

УКМКдан билдиришкендей, учурда, КР УКМК, ИИМ жана башка тиешелүү органдар чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча иш алып барууда.

"Мындан улам УКМК, чек ар маселеси боюнча чыр туудура турган чагымчыл билдирүүлөрдү чыгаруудан алыс болууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий