• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кыргызстандыктарды Сириянын куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүүнү көздөгөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарында терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «ИГ» эл аралык террористтик уюмга тиешеси бар чет элдик жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Аталган чет элдик жарандар «А.Т.» жана «Д.Н.», кийинчерээк «ИГ» эл аралык террористик уюмуна ант беришип, террористтик акцияларды уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын калкынын диний бөлүгүнүн арасында үгүт иштерин жүргүзүшүп, жакынкы аралыкта Сириянын куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүүнү көздөшкөн.

Азыркы учурда УКМК эл аралык терроризм уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар жарамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий