• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-мартында КР УКМК Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында, КР Ички иштер министрлиги менен биргеликтеги иш-чаранын жүрүшүндө Талас облусунан коңшу мамлекеттин 2 жараны кармалды.

Такталгандай, аталган жарандар март айынын башында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өткөрүү пунктунан тышкары жерден, тагырагы Талас облусунун чек ара айылдарынын бири аркылуу мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.

Бул факты боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталды.

Кармалган адамдар Талас облустук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий