• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча «Хизб ут-Тахрир» уюмунун лидери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча «Хизб ут-Тахрир» уюмунун лидери кармалды. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, жашыруун экстремисттик иштерди уюштурган, КР түштүк аймагы боюнча «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ лидери аталган чет өлкөлүк жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2021-жылдын 4-ноябрында, Өзбекстан Республикасындагы «Хизб ут-Тахрир» ДЭУ ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн жооптуу адамы, Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарында «Хиз бут-Тахрир» түзүмдөрүн түзүү жана бекемдөө боюнча өзүнүн санаалаштары менен жигердүү көмүскө иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн, Өзбекистан Республикасы тарабынан издөөгө алынган Ш.Ш. аттуу жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Такталган боюнча, кармалган Ш.Ш. жасалма документи менен Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталды.

Топтолгон далилдердин негизинде, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Ш.Ш. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий