• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Кыргызстанга 17 кг ашык алтын буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагына зергерчилик буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет. .

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына баалуу зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды.

2021-жылдын 9-февралында УКМК ККК кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуздан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын 1981-жылы туулган жараны Т.Л. кармалды.

Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий