• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагына автоунааларды мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сө кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагына оң рулдуу унааларды мыйзамсыз алып кирүү каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 27-августунда "Чоң-Капка - унаа жолу" өткөрүү пунктунан кыргыз номуру тагылган Toyota Estima үлгүсүндөгү унаалардын партиясын өлкөгө мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул иштин алкагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны "Н.С." жана Казакстан Республикасынын жарандары "С.Т." жана "М.Х." Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынышты.

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин, ошондой эле КРӨ алдындагы МККнын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий