• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Кытай жарандарына мыйзамсыз виза берген факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кытай жарандарына мыйзамсыз виза берген факты аныкталды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Маалыматка ылайык, КР ТИМдин Консулдук кызмат департаменти менен биргеликте «Алтын Бугу – Золотой Олень» ЖЧКсынын жасалма документтеринин негизинде Кытайдын жарандары үчүн Кыргызстанга кирүүгө уруксат берүүчү электрондук виза алынгандыгы боюнча факты аныкталды.

"Аныкталгандай, жогоруда аталган уюм легалдуу ишмердүүлүктү жүргүзүүчү документтердин бири катары Социалдык фонддун Ош облусунун Өзгөн райондук башкармалыгынан, социалдык төлөмдөр төлөнгөндүгү тууралуу жасалма билдирме алып келишкен", - деп билдиришти ведомстводон.

Бардык чогултулган материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош облусундагы башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий