• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК кызматкерлери президенттик сааттар менен сыйланышты

Президент 0


Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июнда, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен жана үлгүлүү аткаргандыгы, ыкчам-кызмат ишмердигинде жакшы жыйынтыктарга жетишкендиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу ишине кошкон салымы үчүн Ардак грамоталарды тапшырып, президенттик сааттар менен сыйлады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө УКМК кызматкерлерин сыйлыктары менен куттуктап, Кыргызстан элинин атынан өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зор иштерди аткарган дал ушундай офицерлердин күч-аракети менен УКМК өлкөнүн реалдуу коргоочусу болуп калгандыгын белгиледи. Мамлекет болсо Мекен сакчылыгында тургандар жөнүндө ырааттуу камкордук көргүдөй системаны түзүүгө жетишти.

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу кызматтарына ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарын жана президенттик сааттарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий