• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

УКМК кызматкерлери тапанчадан ок атуу боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы 4-6-мартта Almaty Open 2022 IV республикалык тапанчадан ок атуу боюнча эл аралык мелдеш уюштурду.

КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришкендей, мелдешке Казакстан, Россия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Спортчулар көнүгүүнүн 13 түрү боюнча күч сынашты. Мелдештин форматы ок атуучулардын жекече чеберчилигине жана калыстардын объективдүүлүгүнө таянып, куралдын ар кандай түрлөрү боюнча жеке жана командалык мелдеште жеңүүчүлөрдү аныктоо болгон.

Мелдештин жыйынтыгында УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери экинчи жана үчүнчү байгелүү орундарды алышты.

Пикир

Оставить комментарий