• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК кызматкерлерине жөлөкпул же компенсация төлөнөт. Кандай жагдайларда?

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинети КР улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу мертинген, майып болгон же каза болгон (курман болгон) учурда бир жолку жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитти.

Документке ылайык, кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жеңил жаракат алган учурда ага алты ай үчүн, оор жаракат алган учурда – бир жыл үчүн акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Кызматкердин кызмат өтөөсүнө байланышкан майыптыгы аныкталган учурда, ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет:

– I топтогу майыпка – беш жылдык акчалай камсыздоо;

– II топтогу майыпка – төрт жылдык акчалай камсыздоо;

– III топтогу майыпка – үч жылдык акчалай камсыздоо.

Кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мертинүү болгон учурда, кызматкерге беш жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Кызматтык ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу кызматкер каза болгон же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу алган жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин курман болгон учурда, каза болгонду (курман болгонду) он жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий