• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 19.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 19-декабрында Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу чогулуш өттү.

КР УКМАнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага вице-премьер-министри Максат Мамытканов, УКМК ардагерлери, жетекчилери жана өздүк курамы катышты.

Максат Мамытканов куттуктоосун окуп, УКМКнын кызматкерлерине терроризм, экстремизм жана коррупция менен күрөшүүдө жүргүзгөн жакшы иштерине алкыш айтып кетти.

Ошондой эле белгиленгендей, Коопсуздук комитети азыркы чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн иштерин күчөтүү зарылдыгы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугун коргоо боюнча баардык зарыл чараларды көрүү керектиги айтылды. Өзүнүн куттуктоо сөзүнүн аягында Коопсуздук комитетинин ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, баардыгына ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалап кетти.

КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн сөзүндө 2020-жыл оор болгондугун жана чекисттердин алдында Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча көп иш турганын белгиледи. Аны менен катар мындан ары дагы Мекен алдында өздөрүнүн милдеттерин ар-намыс менен аткаруусуна ишендирип кетти.

Аягында айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий