• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү сактоо жана сатуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарларды сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын түштүк аймагында мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды өзгөчө чоң көлөмдө сактоо жана сатуу фактысы аныкталды.

Такталган маалымат боюнча, мөөнөтү өтүп кеткен ар кандай азык-түлүк товарлар «R.G. Company» ЖЧК жана «М.И. Компани» ЖЧК таандык экени аныкталды.

Мөөнөтү өтүп кеткен азыктар Россиядан, Казакстандан, ошондой эле Бишкектен келип турган.

2021-жылдын 30-сентябрында кампанын имараттарын тинтүү учурунда жарактуулук мөөнөтү узартылган көптөгөн продуктуларды сактоо фактысы (балдар тамак-ашы, конфеттер, печенье, торттор, сүт азыктары ж.б.) аныкталган.

Мындан сырткары, мөөнөтү өтүп кеткен азыктардын мөөнөтүн атайын химиялык каражаттар менен узартып турушкан.

Белгилей кетсек, мөөнөтү өтүп кеткен товарларды алгандан кийин бул компаниялардын кызматкерлери мамлекеттик органдар тарабынан кандайдыр бир текшерүүлөр болуп калса, товарларды жокко чыгаруу жасалма кабыл алуу жана берүү актысын түзүшкөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, бул компаниялардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн көмүскө кирешеси күнүнө 2 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий