• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК майрамга карата өлкөдөгү соцмекемелердеги балдарды куттуктап, белектерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана жетекчиликтин атынан офицердик жыйын Бишкектеги угуусу начар жана кеч уккан балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатындагы жана эки бала-бакчадагы тарбиялануучуларды куттуктады.

УКМКдан билдиришкендей, офицердик жыйын №21-мектеп-интернатынын жалпы жамаатын жана окуучуларды салтанаттуу маанайда куттуктап, окууларга жетишкендиктерди каалады. Андан соң, УКМКнын өздүк курамынын атынан майрамдык белектер тапшырылды.

Жолугушуунун аягында аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкуланды.

Ушундай эле иш-чара Республиканын баардык облустарындагы балдардын социалдык мекемелеринде өткөрүлдү. №21 мектеп-интернатынын жана балдардын социалдык мекемелеринин жетекчилиги колдоо көрсөткөндүгү жана белектер үчүн УКМКнын жетекчилигине жана бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий