• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Мамэкотехинспекциянын ага инспектору опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөлдөө боюнча инспекциясынын ага инспектору кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталган.

Кара-Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору Кыргыз Республикасынын жаранынан 30 миң сом акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы тастыкталып, анын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

2022-жылдын 3-мартында жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын алып жаткан жеринен Кара Суу райондук экологиялык көзөмөл боюнча инспектору М.у.Ч., кармалды.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98- беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий