• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасынан 12 кг индия тектүү кара куурай алып өтүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетит кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз баңгизат алып өтүү каналы токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-февралында КР жарандары “К.К.М.” жана “А.М.А.” Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен Кара-Буура районундагы «Аманбаев» тилкесинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө баңги затын алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринде кармалышкан.

Кармалгандардын бири “К.К.М.” мурда баңги затын мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы такталды.

Текшерүү учурунда кылмышка шектүүнүн жанынан жалпы салмагы 12 кг жакын 3 даана өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттары бар (культивацияланган индиялык кара куурай) желим баштык табылган.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") кылмыштардын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалымат системасына катталып, анын алкагында баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий