• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу диплому текшериле баштады

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу дипломдору текшериле баштады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталды.

Билим берүү чөйрөсүндөгү абал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кадрдык маселесинин, анын ичинде өлкөнүн мыйзам чыгаруу ишмердигинин жана өлкө турмушунун бардык башка чөйрөлөрүнүн түзүлүшүнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Мурдагы жана азыркы депутаттардын жасалма дипломдорду пайдалангандыгы, билим берүү чөйрөсүндөгү укук ченемдик актылардын одоно бузулушуна байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик органдардын жооптуу адамдары тарабынан билим берүү процессине тийиштүү көзөмөлдүн жоктугун, анын ичинде жогорку окуу жайлардын ишинде коррупциялык көрүнүштөрдүн бар экендигин көрсөтөт.

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтуруларын эскертет.

"Буга байланыштуу УКМК жогорку билими бар боюнча жасалма документтерди колдонгондор же алардын келип чыгышынын аныктыгынан күмөн саноолор болсо, адамдарды ыктыярдуу түрдө улуттук коопсуздук органдарына кайрылуусун сунуштайт. Аталган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат жана анонимдүүлүкө кепилдик берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий