• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик мүлктөрдү ижарага берүүдөн бюджеттик жоготуулар болгондугу аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында турган мамлекеттик мүлктү ижарага алуу боюнча мамлекетке зыян келтире турган узак мөөнөттүү келишимдерди атайылап түзүүдөгү, кызмат ордуларынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

“Жогорку кызмат адамдары мамлекеттик мүлктү ижарага берүү жаатында белгиленген укук ченемдик актыларды бузуу менен мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө убактылуу пайдаланууга беришкен. Бюджетке тиешелүү төлөмдөрдүн түшүшүнө зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагындагы жүрүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында бюджетке 100 миллион сомдон ашык суммадагы тиешелүү төлөмдөрдүн чыгымдары аныкталды.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) жана 320-беренесиндеги (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган, тергөө жүрүп жатат.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий