• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн киберкоопсуздук боюнча окутуу өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрь күнү УКМКнын Компютердик инциденттерге жооп кайтаруу бөлүмү Green Light системалык интергратору менен биргеликте Борбор Азиядагы Америка университетинде мамлекеттик органдарынын кызматкерлери үчүн киберкоопсуздук боюнча окутууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, бул окутуунун башкы максаты – мамлекеттик органдардын кызматкерлерине кибер чабуулдардын жана компьютердик инциденттердин алдын алуу, жооп кайтаруу ж.б. үйрөтүү. Практикалык көнүгүүлөр үчүн катышуучуларга кибер коркунучтардан коргонууну иш жүзүндө көрүүгө мүмкүндүк берген Cisco компаниясынын Cyber Defense Clinic платформасы колдонулат.

Иш-чаранын ачылышына КР Коопсуздук Кеңеши, КР өкмөтү, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү чакырылган.

Аталган окутуу КР өкмөтү тарабынан бекитилген "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясынын жол картасын жана 2019-2023-жылдарга карата КР кибер коопсуздук стратегиясын ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын алкагында уюштурулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий