• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Мамлекеттик жерлерди берүүдөгү коррупциялык фактылар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик жерлерди берүүдөгү коррупциялык фактылар аныкталды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК).

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында КР УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бир катар кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик жерлерди жеке менчикке берүү боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери катталган.

Тактап айтканда, туруктуу коррупциялык схеманын негизинде Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, мамлекеттик архивинин жана Ысык-Көл райондук сотунун кызмат адамдары тарабынан Ысык-Көл районунун Өрнөк жана Чок-Тал айылдарында жайгашкан туризм жана айыл чарба багытындагы 50 гектардан ашык жер тилкелери жеке менчикке өткөрүлгөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү процессине көз карандысыз баалоочу тартылып, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 60 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалпы аянты 25 гектардан ашык жеке жер тилкелерин өз ыктыяры менен кайтарып берүү сунушталып, муну менен мамлекетке 33 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурулду.

Калган жер тилкелери боюнча прокуратуранын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу мамлекеттик мүлктү жарандык тартипте кайтарып алуу боюнча сот органдарына тиешелүү доо арызы берилди.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусунда жер мыйзамдары жаатындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий