• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Мамлекеттин менчигине 2,4 млн сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында “Кадастр” ишканасынын Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалган.

УКМКдан билдиришкендей, алар УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Т.А.К. жана М.Р.А. жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашкан.

Жогоруда аталган адамдардын жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2,4 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.

УКМК тарабынан М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан башка 11 кылмыш иши тергелип жатат.

УКМК тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий