• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: "Манас" аэропортунда бомба бар деген билдирүү чет өлкөдөн келген

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Бишкектин четиндеги "Манас" аэропортунда бомба бар деген билдирүү чет өлкөдөн келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Бүгүн саат 14:41 белгисиз бирөөлөр аэропорттун электрондук почтасына имаратта таймери бар бомба коюлгандыгы тууралуу кат жөнөтүшкөн.

Жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жерге чыгарылган.

Милициянын жана УКМКнын кызматкерлери аэропорттун аймагында издөө-иликтөө иштерин жүргүзүп, кандайдыр бир жардыргыч зат табышкан эмес.

Азыр аэропорт штаттык режимде иштөөдө.

Учурда укук коргоо органдары шек жараткан адамдарды жана ага тиешеси барларды издеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий