• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Марат Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Марат Казакпаев Бишкектеги №1 клиникалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июнда эртең менен Марат Казакпаевдин ден соолугунун абалы кескин начарлаганына байланыштуу тез жардам чакырылган. Ал тез жардам кызматынын дарыгерлери тарабынан Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканага жаткырылды.

УКМКдан билдиришкендей, Марат Казакпаев тергөө камак жайына жайгаштырылгандан тартып УКМКнын аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери тарабынан үзгүлтүксүз текшерүүдөн, тиешелүү дарылоодон өткөрүлүп турган.

Бүгүнкү күнгө чейин Казакпаев дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон.

Эскерте кетсек, Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинен тартып КР УКМК тергөө камак жайында КР Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча камакта болгон.

2022-жылдын 9-мартынан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Пикир

Оставить комментарий