• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Мародерчулук боюнча экс-депутат Р.Төлөгөновго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 167- беренесинин 1,2- бөл., 4-бөл. 1-п жана 241-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде, мародерчулук фактысы боюнча экс-депутат Р.Төлөгөновго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп, Башкы прокуратурага жиберилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2017-жылдын 28-мартында «Ата-Мекен» партиясынын мурунку депутаты Райкан Төлөгөновго КР Кылмыш кодексинин 167- беренесинин 1,2- бөл. (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан турак жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен тоноо), 4-бөл. 1-п жана 241-беренесинин 2-бөлүмү (алдын ала бүтүм боюнча ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аягына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралды.

Учурда материалдары КР Башкы прокуратурасына кылмыш ишин бекитип, андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий