• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдиришти.

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштуруу фактысы боюнча Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев да кармалды.

Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу тарабынан аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий