• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Матраимов жана башка кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схема жолго коюлган

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-октябрында КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, 2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын жогоруда көрсөтүлгөн убактагы ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий