• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Матраимовдун айланасындагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын төраганын мурунку орун басары Райымбек Матраимов жана башка кызматтык адамдар тарабынан түзүлгөн коррупция фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөө органдары тарабынан Матраимовдун жакын айланасына кирген жана жогоруда айтылган коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталды.

"Азыркы тапта алардын жүргөн жери аныкталды. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча активдүү иш аракеттер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий