• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Матраимовдун иши боюнча тергөө уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата сотко чейинки өндүрүш ишин улантууда.

УКМКдан билдиришкендей, бажы кызматынын башка кызматкерлеринин коррупциялык схемаларга катыштыгы аныкталды. Ошондой эле коррупциялык схемадан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча иш уланууда.

"Тергөө бажы кызматынын мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин коррупциялык схемага тиешеси бар экендигин далилдей турган фактыларды алуу процессин улантууда", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө ишинин соңунда коомчулукка сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыктары жөнүндө кеңири маалымат берилет. Анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү жана аны толуктоого тиешеси бар кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар тууралуу маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий