• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: MEGA`нын дагы бир мурдагы жетекчиси кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Жабдыктардын жогорулатылган баада сатылып алынган фактысына байланыштуу «Альфа Телеком» ЖАКтын (соода маркасы MEGA, мурдагы MegaСom) дагы бир мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Альфа Телеком» ЖАКтын IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT-жабдууларын сатып алышкан.

Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала келтирилген зыян салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын өлчөмүндө зыян келтирилген.

Алынган далилдердин негизинде Д.Б.Б. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий