• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК Мелис Аспеков Финполдун төрагасы Жакыпеевге каршы көрсөтмө берди деген маалыматты четке какты

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. ЖМК жана социалдык тармактарда таратп жаткан активист Мелис Аспеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) төрагасы Сыймык Жакыпеевге каршы көрсөтмө берген деген маалымат жалган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК атайылап жалган маалыматтарды тараткан жаран КР мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Эскерте кетсек, "Кыргыз Темир Жолу" УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган жарандык активист Мелис Аспеков, Улан Жураев кармалган.

Андан кийин социалдык тармактарда Аспеков Сыймык Жапыкеевге опузалап талап кылган 250 миң доллардан 50 миң долларын бериши керектигин билдирген маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий