• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК активист Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) активист Мелис Аспековго карата дагы бир кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу КР УКМКнын маалымат кызматы билдирет.

УКМКнын дарегине Мелис Аспековдун алдамчылык аракеттерине байланыштуу алдамчылык жол менен жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тууганын түрмөдөн чыгаруу жагын чечип берем деген шылтоо менен 15 миң АКШ доллар акча каражатын алгандыгы боюнча «Б.Л.» аттуу жарандан кайрылуу келип түшкөн.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө арызданган «Б.Л.» аттуу жарандын кызынан күйөөсүн түрмөдөн чыгарып берүү маселесин чечүү үчүн Аспеков жубайы «М.Н» батирди каттаганы туралуу даттануу келип түшкөн.

Ушунун негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") кылмыш белгилери боюнча Мелис Аспековго карата сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мелис Аспеков КР Адилет министрилигинин алдындагы Мамлекеттик жазаны аткаруу кызматы №21-мекемесине кармоо түрүндө баш коргоо чарасы каралган.

Азыркы учурда тергөөнүн алкагында Аспековдун дагы башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК М. Аспековдун мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жабырлануучулардан Жибек-Жолу проспектиси 322 дарегиндеги коомдук кабылдамага же КР УКМКнын Нөөмөт кызматынын 0312 660475 телефонуна кайрылууну суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Эске сала кетсек, активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев январь айынын башында «Кыргыз Темир Жолу» УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Ж. аттуу КР жарандары Кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматынын органдары тарабынан текшерүү болушу мүмкүн деген жүйөө жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен аталган ишкананын жетекчилигинен 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын талап кылышкан.

26-январда сот Улан Жураевди үй камагына чыгарган. Маалым болгондой, ал Башкы прокуратура менен кызматташууга макул болгон, Мелис Аспеков болсо тергөө иши аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий