• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК министрлер кабинетине Кумтөр боюнча 2009-жылдагы келишимди денонсациялоону сунуштады

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандын министрлер кабинетине 2009-жылдагы Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоону жана ошону менен бирге Centerra Gold Inc. компаниясынын курамынан чыгууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Бизде келишимди денонсациялоо керектеги тууралуу фактылар бар”, - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, Кумтөр кенинен дээрлик жарым миллиард доллар уурдалган.

“Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана премьер-министр Сапар Исаковго, ошондой эле башка министрлик-ведомстволордун экс-жетекчилерине карата юридикалык баа берилет”, - деди ал.

Ташиев Кумтөрдү иштетүүдөгү коррупция фактысы боюнча жогорку кызматтагы адамдардын, анын ичинде парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков жана башкалардын катыштыгы бар экендигин боюнча конкреттүү фактылар бар.

“Бизде экс-премьер-министр тарабынан конкреттүү акчаны алуу фактысы бар. Биз жакында ал тууралуу айтып беребиз”, - деп кошумчалады УКМК башчысы.

Пикир

Оставить комментарий