• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Максатбек ажы Токтомушев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет.

Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан муфтияттын башкы эсепчиси Ж.Б. карата УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. «Хаджга» ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 10-февралында муфтий М.а.Т. кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жогорудагы фактылар боюнча тергөө улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча бардык кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилип, ал жөнүндө коомчулукка маалымдалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий