• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин эсебине 100 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ЖКнын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.

Бирок С. Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Пикир

Оставить комментарий