• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 07.01.21. /Кабар/. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында КР жараны Ө.Бабанов фигурант катары өтүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдары жараны Ө.Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырышкан.

Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалым болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий