• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов түрмөдө калды

Коом 0

Бишкек. 15.02.19 /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абакта калды. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

Сот Суталиновдун оорусуна байланыштуу эркиндикке чыгаруу маселесин караган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын медициналык бөлүмүнүн башчысы Назгуль Солтобекованын маалыматы боюнча, Суталиновдун бөйрөгү 4-баскычтагы рак менен жабыркай тургандыгын, боору, жүрөгү, ашказаны ооруп, гастрит жана бронхиалдык астмасы бар экенин билдирген. Мунун баарын эске алганда, Суталиновдун абалы оор экенин кошумчалаган.

Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Суталиновду эркиндикке чыгарууга болот деген адамдардын катарына кирерин билдирген.

Эске салсак, Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Мыйзамга ылайык, абакта отурган жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда соттун чечими менен эркиндикке чыгууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий