• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Мыйзамсыз баюу фактысына байланыштуу экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда негизсиз жана мыйзамды бузуу менен өкмөттүн токтомуна кол койгон. Ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу үчүн кошумча жер берилген. Жыйынтыгында кендин жалпы аянты эки эсеге көбөйүп, 26,3 миң гектарды түзгөн. Анын ичинде бир нече мөңгүлөр жана корголуучу аймактар болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин жаратылышты сактоо максатында аталган кендин аянтын кеңейтүүгө тыюу салган өкмөттүн токтому күчүндө болгон. Ошондой эле кендин аймагынын кеңейиши жаныбар жана өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн экологиялык жактан терс таасирлерге алып келет.

Мындан сырткары, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турганда анын мүлкү расмий кирешесинен бир нече эсе ашып кеткен. Аларды легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин сатып алган. Аны менен бирге көп батирлүү үйлөрдү курууга каржылык инвестицияларды жасаган. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн мүлктөрүн башка адамдардын атына каттаган.

2021-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Абылгазиев Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий