• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Мыйзамсыз боюу фактысы боюнча КР Жогорку сотунун судьясы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. Мыйзамсыз боюу фактысы боюнча КР Жогорку сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМК Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн сот системасындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды алдын алуу жана жок кылуу боюнча иш чаралардын алкагында КР Жогорку сотунун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы О.К.Т. тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, чогулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталган.

Такталган боюнча, О.К.Т. өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырып, мыйзамсыз баюу максатында КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн мүлкүн, кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоого милдеттүү экендигине карабай, ошол эле учурда тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Алардын арасында VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар. Аны менен бирге О.К.Т. жана анын жакын туугандары БАЭ, Түркия, Азия жана АКШ курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталды.

Белгилей кетсек, судья О.К.Т. мыйзамсыз тапкан кыймылсыз мүлктөрүнүн изин жашыруу максатында тиешелүү органдарда атуулдук-укуктук келишимдерди жүргүзгөндүгүн каттабай, айрым учурларда керектүү сатык келишимдерин башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген.

Ошондой эле сотко чейинки териштирүүнүн алкагында О.К.Т. коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын берген.

Мындан сырткары О.К.Т. өзүнүн чечими менен М.Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, Мамлекеттик казынага көп миллиондогон чыгым келтирген. Ошол эле учурда, жогорудагы чечими үчүн О.К.Т. улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алган.

2020-жылдын 14-декабрында КР Башкы прокурорунун О.К.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштамасы КР судьяларынын кеңешинин Дисциплинардык комиссиясынын чечими менен канааттандырылган.

2020-жылдын 15-декабрында бишкек шаардык биринчи май райондук соту О.К.Т. карата КР УКМК тергөө камак жайына кармоо боюнча баш коргоо чарасын бекитти.

Тергөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий