• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Мыйзамсыз пайдаланылган каражаттар мамлекеттин бюджетине кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Мыйзамсыз пайдаланылган каражаттар мамлекеттин бюджетине кайтарылып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупциянын жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануунун алдын алуу боюнча жүргүзлгөн иш-чаралардын алкагында, Москва районунун Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю жана "Александровка" ("Таза-Айыл") МИ башчысы Н.С.А. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталды.

Такталган боюнча, 2020-жылдын сентябрында аталган адамдар Москва районунун Александровка айылындагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 26-мартында Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 млн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берди.

Азыркы учурда УКМК ушуга окшогон бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды улантууда.

Пикир

Оставить комментарий