• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча юрист кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси ("Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргликте, Жалал-Абад областынын талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган.

Азыркы учурда бул факт боюнча Финпол тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий